Канат Керезбековго мандат тапшырылды

Бүгүн, 3-мартта Канат Керезбековго мандат тапшырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Борбордук Шайлоо Комиссиясында Керезбековго мандат жана төш белги берилди. Ал Нарын облусунун Жумгал районунда 1970-жылы туулган. Буга чейин Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору болуп эмгектенген.

Эске салсак, бүгүн КСДП фракциясынын депутаты Тилектеш Исаев өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Партиянын тизмесинде Керезбековдон кийин президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан