Бишкек шаарынын мэриясы 21-марттагы Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чараларды даярдады. Төмөндө алар менен тааныша аласыз.
Саат 10:00дө Курманжан датка эстелигинин алдында өлкөдө жашаган ар улуттун улуттук тамак-аштарынын, кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда. Көргөзмөнүн соңунда бардык каалоочулар улуттук тамактан даам татып, сүрөткө түшүп, ошондой эле концерт көрө алышат.
Салттагыдай, 21-мартта саат 11:00дөн 14:00гө чейин “Ала-Тоо” аянтында театралдаштырылган көрсөтүү жана майрамдык концерт тартууланат.
Саат 13:30дан 17:00гө чейин Эски аянтта майрамдык концерт жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.
Мындан тышкары калаанын бардык райондорунда элдик жүрүштөр, эс алуулар жана майрамдык иш-чаралар уюштурулат.
Щербаков, Көлмө, Ак-Босого, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Жеңиш, Алтын-Бешик, Касым жана Тынчтык жаңы конуштарында 21-мартта саат 12:00дө маданий-массалык жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.
21-мартта саат 10:00дө Кара-Жыгач токоюнда улуттук оюндар боюнча спорттук көрсөтүүлөр менен элдик эс алуулар өтөт.
Саат 10:30да Эне-Сай жаңы конушунун спорт аянтчасында майрамдык түшкү тамактануу уюштурулуп, сүмөлөк жасалат.
Саат 11:00дө "Жеңиш" аянтында шаар тургундары үчүн спорттук мектептердин жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт өткөрүлөт. Ушул эле убакта №6-Дордой-2 жаңы конушунда улуттук оюндар, каада-салттар көрсөтүлөт.
Саат 11:30да Ак-Бата жаңы конушунда жана Учкун жаңы конушунун №89-орто мектебинин аянтчасында элдик жүрүштөр, улуттук спорттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлөт.
Саат 13:00дө №66-орто мектебинин аянтчасына боз үй тигилип, улуттук тамактар даярдалат. Бардык каалоочулар келип даам тата алышат. Саат 14:00дө №16 жана №46-мектептеринде майрам өткөрүлөт.
Саат 10:00дөн 14:00гө чейин Фучик атындагы сейил багында майрамдык концерттик программа жана байгелерди тапшыруу менен улуттук спорттук оюндар көрсөтүлөт. Саат 12:00дө Жаштар аллеясында концерт, сынактар, спорттук оюндар уюштурулат. Ошол эле учурда Ала-Тоо, Арча-Бешик жаңы конуштарында, “Манас” кинотеатрынын алдында жана “Манас айылында” шаар тургундары үчүн майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
Саат 14:00дө “Люкс” сейил багында шаар тургундары үчүн концерттик программа жана спорттук мелдештер өткөрүлөт жана бардык каалоочулар катыша алышат.
21-мартта саат 9:00дө Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында улуттук тамактардын жана гүлдөрдүн майрамдык жарманкеси, театралдаштырылган көрсөтүү өткөрүү пландалууда. Саат 9:30да Ботаникалык бакта шаар тургундарынын жана спортчулардын катышуусунда жеңил атлетикалык чуркоо өтөт.
Саат 13:30дан 17:00гө чейин Асанов атындагы сейил багында майрамдык концерт жана спорттук мелдештер уюштурулат.