15-марттан 16-мартка караган түнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан рейд жүргүзүлдү. Бул иш-чара өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана алардын ден-соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында уюштурулду.
Рейддин жүрүшүндө түнкү компьютердик клубдар, шаардын көчөлөрү текшерүүгө алынды. Райондук милиция кызматы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен 3 топко бөлүнүп иш жүргүздү.
Рейддин алкагында компьютердик клубдардан 7 жаш өспүрүм кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.
"Мечиттен чыгып, компьютер ойноп жатканбыз. Эжем келип бизди алып кетмек болгон. Мен ойлойм, компьютерде оюн ойноо кылмыш эмес болуш керек", - дейт 10-класстын окуучусу Адилет Кылыч уулу.
Иш-чаранын жүрүшүндө Сокулук районунан үйүнөн качып кеткен 1 бала кармалды. Учурда кармалган балдар ата-энелерин күтүшүүдө.