Нурсултан Назарбаев "2010-жылдагыдай окуя кайталанса чек араны дагы жаап коёбуз" деди

16-мартта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев журналисттер менен жолугушууда казак-кыргыз мамилеси, 2010-жылы чек араларынын жабылуусу тууралуу Алмазбек Атамбаевдин "Евроньюска" берген маеги боюнча комментарий берди. Ал мындай кадам ошол учурдагы Кыргыз мамлекетиндеги саясий абалга байланыштуу болгонун айтты. "Улуу Абайдын бир сөзү бар, кыргыз менен казак бир тууган экендигин эч ким тана албайт деген. Коңшулаш элбиз. Президенттер кетет, башчылар кетет, эки эл калат. Ал кепке өтө эле басым жасай бергендин кереги жок", - деди казак башчысы.

"2010-жыл тууралуу айтпадыбы. Ал учурда ичинен быт-чыт болуп, төңкөрүш болуп, ошол кезде бийликте отурган президентти бийликтен кулатып, өлкөдөн кууп чыгып жаткан кезде түрмөдө отурган кылмышкерлерди чыгарып жиберишти. Алардын баары бизди көздөй жөнөгөндө чек араны жаптык. Келечекте мындай иш кайталанса дагы жабабыз, кайсы мамлекет мындай абалда чек арасын жаппайт? Түркия деле жаап жатат чек арасын. Ошол кезде Өзбекстан дагы, Тажикстан дагы чек арасын жаап койгон. Ошондуктан бул жерде эч кимдин күнөөсү жок, буга Кыргыз мамлекетиндеги кырдаал гана себеп болгон. Тескерисинче, Кыргыз элинин ичинде жарандык согуш болуп кетпесин деп мен Бакиевди алып чыктым. Анын тегерегинде куралданган чоң топ бар болчу. Бишкекке барып баарын кыйратабыз деп отурган кезде, Отунбаева ошол кезде мамлекеттин башчысы болчу, ал кишинин алып чыгып кетүүнү сурайбыз деген кол каты менен учак менен аскер жиберип ал кишини алып чыгып, тынчыткам", - дейт Назарбаев. Казактардын эл башчысы сөзүнүн аягын тамашага айлантып, саясатчы болуу үчүн пилдей калың терилүү болуу керектигин айтты. Ошондой эле мамлекет башчы болгон соң ар бир сөздү терең ойлонуп айтуу керектигин эскертип, достукту, мамилени, кызматташтыкты сактоо баарынан маанилүү деп оюн жыйынтыктады.

Айта кетсек, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 17-февралда "Евроньюс" телеканалына интервью берип укук коргоочу Азимжан Аскаров, коррупция жана келерки президенттик шайлоо тууралуу сөз кылган. Өз сөзүндө 2010-жылы Казакстан Кыргыз мамлекети менен чек араны жапканда эл кыйналып, адамдардын каза болгондугун кошумчалаган эле.

Нурсултан Назарбаев: "Кыргыз-казак чек арасын жаап салабыз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан