Өткөн жумада Украинанын Киев шаарында өтө турган "Евровидение-2017" сынагына Орусиянын атынан Юлия Самойлова катышары маалымдалган эле. Бирок эми дүйнөлүк музыкалык сынакка орусиялык ырчы катышпай калышы мүмкүн. Себеби кечээ, 22-мартта Украинанын Коопсуздук кызматы Самойловага аталган өлкөгө кирүүгө 3 жылга чейин тыюу салган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын жараны Юлия Самойловага аталган өлкөнүн аймагына 3 жылга чейин кирүүгө тыюу салды. Мындай чечим анын Украинанын мыйзамдарын бузгандыгы тууралуу маалыматтар белгилүү болгон соӊ кабыл алынды", - деп билдирген коопсуздук кызматынын өкүлү Елена Гитлянская.
Ал эми Европа чагылдыруучу союзу (EBU) орусиялык ырчынын сынакка катышар-катышпасы тууралуу чечимди украиналык бийлик өкүлдөрү кабыл аларын, бирок бул ирет "сынактын ээлерин" тереӊ ойлонуп көрүүгө чакырып өтүшкөн.
Белгилей кетсек, "Евровидение-2017" сынагынын жарым финалы 9-11-май күндөрү болот. Ал эми финал 13-майга пландалган.