Ош шаарында милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун өлүмүнө шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда кылмышка шектүү катары 4 адам кармалган. Алардын ичинен 1972-жылы туулган Д.Ш. (үй-бүлө башчысы) кылмышка өзү гана барганын айтып, жактоочусунун катышуусунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.
Кылмышка шектүүнүн айтымында, Таирбек Уларовдун иштеген жери аялы иштеген дүкөнгө жакын жайгашкан. Ал дүкөнгө көп келчү.
Өз көрсөтмөсүндө төмөндөгүлөрдү билдирген: "21-март күнү айылыбызда сүмөлөк кайнатылып, коңшулар менен отурганбыз. Анан аялымдын телефонуна Таирбек чалып, аны чакырды. "Эмне үчүн чакырып жатат?" деп сурасам, аялым "карызын берет экен" деди. Артынан 20 минутадан кийин барсам, экөө сүйлөшүп турушуптур. Мен азыраак ичимдик ичкен элем. Таирбек кызуу болчу. Экөөбүз айтыша кеттик. Анан ал "эркекче сүйлөшөлү" деди. Экөөбүз Учар тарапка, канал боюна бардык. Ал дагы намысыма тийген ачуу сөздөрдү айтты. Мен ачуумду токтото албай аны колумдагы балдак менен башка бир чаап жибердим. Футбол ойноп, бутумду кокустатып алгандыктан убактылуу балдак таянып жүргөм. Мен коркуп кетип, колума тийген миздүү таш менен дагы бир нече ирет башка чаап жибердим. Ал жыгылып калды. Бирок сөгүнүп жаткан. Мен аны арткы орундукка чалкасынан жаткырып, унаасынын эшиктерин бекиттим. Анан кан болгон ташты жана унаанын ачкычын сууга ыргытып жиберип, өзүмдүн унаамды айдап, сүмөлөк болуп жаткан жерге келдим. Туугандарыма болсо "Таирбек үйүнө кетти" деп койгом. Окуя кызганычтан, кызуу кандуулукка алдыргандан болду, өлтүргүм келген эмес эле".
Ал эми Ош ШИИБи: "Кылмышка шектүү Д.Шнын бул көрсөтмөсү дагы терең иликтенет, анын бул кылмышка өзүнүн гана катыштыгы болгондугу текшерилет. Маалым болгондой, кылмышка шектүү адам маркумдун оор жаракатына карабастан жардам көрсөткөн эмес. Ал мурда, 2008-жылы соттолгондугу жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөндүгү аныкталды. Эч жерде иштебейт. Бул өзгөчө оор кылмыштын бети Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин тынымсыз жүргүзгөн оперативдүү иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында изи сууй электе 24-мартта ачылды", - деп билдирди.
Эскерте кетсек, 23-март күнү саат 15.30 чамасында Ош шаарына караштуу Учар айылынын канал бойлой кеткен Набережная көчөсүндө токтоп турган көк түстөгү Мицубиси үлгүсүндөгү унаанын ичинен 1973-жылы туулган Таирбек Уларовдун жансыз денеси табылган. Ал ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Оштогу башкармалыгынын тескөөчү-коменданты болуп иштечү.