Бүгүнкү футболдук оюндун учурунда тартип сактоого 2600 милиция кызматкери тартылат, Тоголок Молдо көчөсү жабылат

Тектеш кабарлар: Футбол боюнча Азия Кубогу-2019 (200 материал)

Бүгүн, 28-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз өлкөсү менен Макао футболдук командалары Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында беттешет. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тартип сактоого жана коопсуздукту камсыздоого 2600 милиция кызматкери тартыларын билдирди.

"Атайын кызматтар тарабынан коомдук-саясий абал жана кырдаал иликтенип, укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.

Урматтуу бишкектиктер жана борбордун коноктору, 28-мартта саат 17:00дөн 22:00гө чейин борбордук көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет. Түшүнүү менен кабыл алып, жол багытын туура түзүүнү суранабыз", - деп жазылат башкармалыктын билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, Тоголок Молдо көчөсү Чүй кең көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин жабылат. Андан сырткары унаа токтотуу боюнча иштер жүргүзүлөт: спорт сарайынын негизги кире беришине, стадиондун айланасына унаа токтотууга тыюу салынат.

"Жарандардан стадиондун аймагына айнек жана пластик идиштерди, саюучу-кесүүчү буюмдарды жана газ-травматикалык курал алып келбөөсүн өтүнөбүз", - деп кошумчалашкан башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Sejitgazy
2017-03-28 09:09:33
тынч отсун эми.
+2
Zubaydullah
2017-03-28 09:29:46
Саат канчада башталат болду экен
-4
Aramisa
2017-03-28 10:29:15
Коркоко кош корунот дегендей)) эл чогулган жерден чочулап калышты го бул бийлик.
-1
Dastanwanted
2017-03-28 11:07:00
Саат канчада башталат айтып койгулачы
-2
Ulan2601
2017-03-28 11:46:45
Dastanwanted,19:30
+1
toktor89
2017-03-28 12:43:52
Жениш бизде. Алга кыргызстан
+1
dastan_nookat
2017-03-28 18:19:21
Туз эфирден берет бекен айтып койсонуздар кайсы каналда?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан