Жогорку Кеңештин экс-депутаты Райкан Төлөгөнов 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде камалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Төлөгөнов тергөө бүткүчө камакка алынды. "2010-жылдын 7-апрелинен 10-апрелине чейинки аралыкта кеңселерди, турак жайларды, анын ичинде Бакиевдин жана анын жакындарынын үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрдү талап-тоноо "Ата Мекен" партиясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз жетекчилиги алдындагы топ тарабынан жасалганы аныкталды. Тергөө тарабынан материалдар жана бул кылмышка катышкан бир катар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынган", - деп айтылат маалыматта.
"28-мартта Райкан Төлөгөновго "тоноону уюштуруу", "мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштуруу", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Биринчи май райондук сотунун чечими менен Төлөгөновду тергөө бүткүчө УКМКнын тергөө абагына камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасы каралды", - деп билдирет УКМК.
Айта кетсек, Башкы прокуратура "Каракчылык", "Автоунааны же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу", "Кымбат баалуу металлдарды, табигый асыл таштарды мыйзамсыз жүгүртүү", "Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу" беренелеринин негизинде аталган кылмыш ишин 2012-жылы 22-августта козгогон. Тергөөнү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзгөн. 2017-жылдын 14-мартында бул кылмыш ишинин материалдары ИИМден УКМКга өткөрүлгөн.
Учурда УКМК күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.