“Ата Мекен” эл аралык адам укугун коргоо уюмдарына арызданат (фото, видео)

11:43. Депутат Аида Салянова журналисттерге: "Жогорку соттун Өмүрбек Текебаевди эки айга камакка алуу чечимин күчүндө калтырганы - бул соттун өзүнүн пикири жоктугунун жана саясий заказ аткара турганынын көрсөткүчү", - деп билдирди.

11:40. Өмүрбек Текебаевди колдоо митинги аяктады. Чогулгандар тарай башташты.

11:35. "Ата Мекен" партиясы эл аралык адам укугун коргоо уюмдарына кайрылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган партиянын мүчөсү депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди. "Биз эл аралык нормаларга актыгыбызды далилдейбиз, бийлик тарабынан бизге каршы саясий куугунтук болуп жатканын далилдейбиз. Президенттик шайлоо алдында президенттин мураскерине сын-пикир айткан адамдарды камоо - бул сигнал", - деди Шыкмаматов.

11:16. Экс-депутат Болот Шер: "Акыйкаттык, чындык менен күрөшүү оңойго турбайт. Мен ден соолугума байланыштуу чет өлкөгө кетишим керек эле, бирок бул жакта болууну чечтим. Мени да аэропорттон кармап качып баратканда кармадык деп шыбабасын дедим".

11:03. Жогорку сот Өмүрбек Текебаевди эки айга камакка алуу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди.

10:55. Депутат Алмамбет Шыкмаматов: "Бир жума мурун Текебаев менен жолугуп, 1 саатка жакын сүйлөшүп отурдум. Анда Текебаев "Маевский менен Абдрахмановдун көрсөтмөсүнөн башка далил жок. Бул иш сынат, мен акмын" деди", - деп билдирди.

10:45. Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Текебаев боюнча чечим алдын ала жазылып калган. Бийлик өзүнүн оппоненттерине каршы кылмыш иштери боюнча чечимдерди жазып, судьялардын колдоруна берип коёт. Бизде эгемендүү, адилеттүү сот системи түзүлгөн жок. Сот, парламент президенттин аппаратына баш ийишет, эмнени айтса, ошону кылышат", - деди.

10:32. Жогорку соттун алдында Өмүрбек Текебаевди колдоо митингинде анын тарапташтарынын саны 100гө чукулдады.

10:20. Депутат Алмамбет Шыкмаматов: "Адвокаттар Текебаевдин Маевский менен жолукпаганы боюнча далилдерди келтиришти. Текебаевди камоо мыйзамсыз. Биз Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып жатабыз", - деп билдирди.

10:15. Жогорку соттун алдына депутаттар Садык Шер-Нияз, Алмамбет Шыкмаматов, коомдук ишмер Турсунбек Акун келишти.

10:10. Милиция чогулгандарды жөө адамдар өтчү жолду тоспой, Жогорку соттун алдындагы бош жерге баруусун суранды. Бирок чогулгандар ага макул болушкан жок. Алар "Биз тартип бузган жокпуз" дешүүдө.

09:56. Жогорку соттун алдында Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары келе башташты. Алардын арасында укук коргоочу Рита Карасартова, экс-депутат Асия Сасыкбаева, "Вечерний Бишкектин" мурдагы ээси Александр Ким, активист Өндүрүш Токтонасыров жана башкалар бар. Азыркы тапта жалпысынан 50гө жакын адам турат.

09:20. Милиция Жогорку соттун имаратын курчоого алды. Азырынча Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары келише элек.

Бүгүн, 29-мартта саат 10:30да Жогорку сот депутат Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасы боюнча даттануу арызын карайт. Белгилүү болгондой, сот отурумунун учурунда Текебаевдин тарапташтары Жогорку соттун имаратынын алдында митинг уюштурушмакчы.

Буга чейин 9-мартта Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын карап, Биринчи Май райондук сотунун эки айга камакка алуу чечимин өз күчүндө калтырган.

Эске салсак, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген.

26-февралда таңкы саат 3тө Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМКнын кызматкерлери депутатты кармап кетишкен.

Ошол эле күнү камакка алынган депутаттын тарапташтары УКМКнын алдына чогулушкан. Алар Ө.Текебаевди үй камагына бошотуу талабын коюшкан. Бул күнү митингге 1000ге чукул жаран катышкан. Депутатты коргоо боюнча Бириккен күчтөрдүн штабы түзүлгөн.

27-февралда Текебаевдин баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алуу чечими чыгарылган.

28-февралда Текебаевдин тарапташтары УКМКнын алдында митинг өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов митингдер жумасына 2-3 жолу өтүп турарын айткан.


кошулду
Текебаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына митингге чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан