Сооронбай Жээнбеков "Аккула" ат майданынын абалы менен таанышып, аны оңдоо зарыл экенин айтты

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-мартта, "Аккула" ат майданынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Ат майдандын абалы менен таанышкан соң Сооронбай Жээнбеков аны оңдоп, жаңылап чыгуу зарылдыгын айтты. Ал белгилегендей, жыл сайын тургундар арасында ат оюндарына кызыккандардын саны өсүүдө.
"Бул оюндар чет өлкөлөрдүн көңүлүн бурдурган Кыргыз Республикасында өткөн көчмөндөр оюндарында өзгөчө чоң мааниге ээ болгон. Нооруз майрамында өткөн иш-чара бул улуттук оюндар спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында популярдуу экенинин дагы бир далили. Аны менен бирге ипподромдун инфраструктуралык көйгөйлөрү ачыкталып, коомчулукта талкууга алынды. Көйгөйлөрдүн бардыгын чечүүгө, ошондой эле көрүүчүлөргө шарт түзүү боюнча ыкчам чараларды кабыл алуу керек. Ипподром - бул элдин кенчи, жыл сайын бул жерде ат оюндары улуттук деңгээлде өткөрүлөт. Биз анын айланасында болуп жаткан процесске кош мамиле кыла албайбыз", - деди премьер-министр.
Өкмөт башчы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигине "Аккула" майданы боюнча соттук иликтөөлөрү изилдеп, Өкмөт аппаратына тийиштүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды. Бишкек шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Султан Өмүровдун айтымында, ат майдан бүгүнкү күндө муниципалдык менчикте.
Ипподром 57,4 гектар жерди ээлеп, 3 миң орундуу. Анын аймагында административдик имарат, ат оюндарын өткөрүүчү аянт, жатакана, аткана, склад жана бөлмөлөр жайгашкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
12.12.12
2017-03-29 15:42:58
Бала ыйламайынча эмчек кайдан дейт. Откондодогу эл батпай, алапайы чыккан "Ак-Кула" эми ондолуп калса экен
+4
Beki092
2017-03-29 16:19:45
Кудай кааласа ондолот
+2
kilim
2017-03-29 17:15:05
Стадионду да ондосо экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан