Депутаттар авиакырсыктан жабыркагандарга көп кабаттуу үй курууну сунушташты

Бүгүн, 31-мартта "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында депутаттар Боинг кырсыгынан жабыр тарткандарга көп кабаттуу үй курууну сунушташты.

Чүй облусунун башчысынын биринчи орун басары Турусбек Султаналиевдин маалыматы боюнча Курулуш башкармалыгынын дачалары кыштагында 250 түтүн, 1060 жаран жашайт. Анын айтымында, аларды көчүрүп келүүгө Бишкек шаарында жер жок. Эгерде өкмөт тапшырма берсе Панфилов, Жайыл райондорунан жер бөлүп берсе болот. Бирок жергиликтүү тургундар буга макул болбой жатканын кошумчалады.

Депутаттар Наталья Никитенко жана Алмамбет Шыкмаматов чогулган акчага көп кабаттуу үй курууну сунушташты. "1 гектар жерди бөлүп берип, 9 кабаттуу 3 үй курса болот. Акча бар, саясий эрк керек. Ал эми ким жер тамда жашагысы келсе, алмаштырып алса болот", - деди Шыкмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан