Бүгүн, 3-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метросунда жарылуу орун алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, кырсыктан улам жаракат алгандар бар. Алардын саны 20га жакын. Жарылуулардын бири вагондун ичинде болгону айтылууда. Кырсыкка байланыштуу учурда шаардагы башка станциялар жабылды.