Санкт-Петербургдагы жардырууну уюштурууга шектелген жарандын ДНКсы текшерилип, өздүгү аныкталды

ДНК изилдөөлөр Санкт-Петербургдагы метродо жардырууну уюштурган деп шектелип жаткан жарандын өздүгүн аныктады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кечээ, 5-апрелде Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко билдиргенин айтып жазып чыгышты.

"Изилдөөгө керектүү маалыматтарды топтоо үчүн тергөө комитети жардырууну уюштурууга шектелип жаткан Акбаржон Жалилов кимдер менен байланышта болгонун изилдеп жатат. Анын ата-энеси уулун таанышты", - деп билдирген С. Петренко.

Анын айтымында, "Площадь Восстания" метросунда табылган колдо жасалган жардыруучу зат, Жалилов жашаган үйдө табылган жана башка буюмдар (скотч, фольга) жардыруучу техникаларды аныктоочу экспертизага жиберилген. Ал эми Жалиловдун ата-энеси уулунун мындай кылмышты жасаганына ишенбесин билдиришкен.

Белгилей кетсек, 3-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метросунда жарылуу орун алган.

3-апрелдеги Санкт-Петербургдагы жардыруу
Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелүүчү
Владимир Путин Санкт-Петербургдагы жардыруу болгон жерге барды
Жалиловдун апасы баласынын терактка күнөөлүү экенине ишенбейт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shaa-82
2017-04-06 12:37:35
Ушул шумшукту деп кыргыздарды мейманкага жаткырбай атат экен эми, бир аялды баласы экооно кислота чачып жиберишиптир орустар. Ушулардан кутулбас болдукго теги.
+1
Gulim_zamujem
2017-04-06 16:15:22
Ошондо бала олдубу
0
Mikella
2017-04-06 17:24:13
байкуш ата энесине жалко. Бул байкуштар кантип балам террорист болсун деп чонойтушмак эле
0
chakieva87
2017-04-07 04:10:38
Кыргызстанды жаман атты кылып кыргыз элин жер каратты.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан