Индира Жолдубаева: "Ата Мекенден" башка партиянын өкүлдөрүнө деле иш козголууда"

Парламентте 6-апрелде 2016-жыл боюнча Башкы прокуратуранын отчёту угулууда. Башкы прокурор Индира Жолдубаева жалпы маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Депутат Садык Шер-Нияз парламентте "Ата Мекен" фракциясы коалициядан чыккандан кийин чабуул башталганын айтат. Акыркы айларда "Ата Мекендин" депутаттарына өтө тездик менен кылмыш иштери ачылганын мисал кылып, башкы прокурорго кайрылды. "Башкы прокуратура саясатташып кеткен жокпу?" - деди.

Индира Жолдубаева Башкы прокуратура саясатташпаганын, бардык иштер мыйзамдын чегинде жасалып жатканын баса белгиледи. "Ата Мекендин" мүчөлөрүнө гана кылмыш иши ачылып жатат дегенге макул эмес. Башка партиянын өкүлдөрүнө да иш ачылып жатканын айтып жооп узатты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан