Жогорку Кеңеш башкы прокурордун 2016-жыл боюнча отчётун канааттандырарлык деп тапты

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеӊеште 2016-жылы прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу башкы прокурор Индира Жолдубаеванын отчёту угулду. Жыйынга укук коргоо органдарынын жана сот тутумунун өкүлдөрү катышты.

Башкы прокурордун маалыматы боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун долбооруна мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объектилерди кайра кайтаруу иштерин күчөтүү тапшырмасын белгилөө сунушу айтылды. Ошону менен катар мыйзамдардын аткарылышына тыкыр көзөмөлгө алуу жагы дагы токтомго кошулмай болду.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен, Башкы прокурордун отчётун канааттандырарлык деп табуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан