20-апрелге чейин Наманган шаарында Кыргыз-Өзбек чек арасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык жолугушуулар өтөт

2017-жылдын 10-20-апрелине чейин Өзбекстандын Наманган шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Өкмөттүк делегациянын жумушчу тобунун Кыргыз-Өзбек чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу 10-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн чектеш кызматташтыгы тууралуу маселелерди талкуулайт.

Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы делимитация жана деморкация маселеси тууралуу Өкмөттүк делегациянын жумушчу тобунун жолугушуулары ай сайын активдүү уланууда. 2016-жылдын август айынан бери он жолу ушундай деңгээлдеги жолугушуулар өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
maksat.satiev
2017-04-10 19:17:10
Көк Таштын чек арасын чечсе болмок.
+1
kyrgyz.kg83
2017-04-10 19:18:09
Бекем тургула,конулчок болуп кармата бербегиле майли майли деп
+8
Sema87
2017-04-10 21:09:55
Эн биринчи Баткен областынан баштагыла Кадамжай районудан гектарлаган жерлерди Озбектер ээлеп алган
+8
evra_kg
2017-04-10 22:53:32
аны чечкени барабы жээ башкасына барабы ал бизге карангы озбек туугандардан алыс еле жургонубуз жакшы алар каптап кетет
0
janat.kg
2017-04-10 22:58:33
Ала-букага кеткен айланма жолдогу озбектер басып алган жолдон баштагыла
+3
Omurbek998
2017-04-10 23:38:49
Жерди сатып келбей кайра сатып алгыла аксыда озбеке откон жерлер абдан коп
+6
Rusbubu
2017-04-11 00:03:00
Көкташ айылын жакшылап карагыла.
0
Leilektik
2017-04-11 05:20:16
Чек араны тактап алгандан кийин биротоло тосуп салса жакшы болмок пост аркылуу мыйзамды бузбай отмокпуз,кытайлардан арылыш керек эн биринчи алар кобойсо жок болобуз! БАЙАМАНДАЙ,РЫСПЕКТЕЙ болуп кысып туруу керек ошондой болууга аракет кылалы жигиттер биркун олуп калабыз баарибир ошондо булар уйун таштап чыгып кетпесе атак кутулбайбыз !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан