Айлыктын аздыгынан улам Таласта маданият кызматкерлери иш ташташты

Талас шаардык мэриясынын алдындагы фольклордук оркестрдин кызматкерлери 10-апрелден тарта иш ташташты. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде оркестрдин башкы дирижёру Тазабек Өмүркулов SUPER.KG порталына билдирди.

Тазабек Өмүркуловдун айтымында, бул оркестрди мындан 2 жыл мурун өзү түзгөн. 1 жыл иштегенден кийин 2016-жылдын март айында мэрия оркестрди өзүнүн карамагына алган.

"Менин музыкалык 3 дипломум бар. 47 жылдан бери маданият тармагында иштедим. Бул оркестрди өзүм түзүп, оркестрдин мүчөлөрүн көп нерсеге окуттум, үйрөттүм. Бул убакыт аралыгында эч кимден эч кандай акча алган жокмун. Биздин иштеп жүргөнүбүздү, өнөрүбүздү көрүп мэрия өзүнүн карамагына алган. Бирок 2000 сом айлык алабыз. Мэриядагылар "эптеп чыдап тургула, кийин көтөрөбүз" дешкен. Бирок дале ошол акчаны алабыз", - дейт ал. Ошондой эле бүгүн, мэрия бул маселе боюнча сүйлөшүүгө чакырганын кошумчалады.

Мекеме алдындагы фольклордук оркестр облустагы түрдүү маданий иш-чараларга катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ananai
2017-04-11 11:03:40
Эгер минтип баарыбыз иш таштоого отсок Кыргызстанда киши калбай калса керек иштегенге...Баары эптеп эле кун коруп журушот бечара элдер.Жогору жактагылар Гана коп айлык алышат.
+6
aibars
2017-04-11 11:17:55
Маданият билим беруу жагын жакшылап колго алса болот эле.
+2
Pandora
2017-04-11 11:38:50
Кыргызстанда алган айлыгын кундо кийип барып,жырткан бут кийиминди деле актабайт...Анан эле ишке кирейин десен шапкасы асмандын башында(((
+3
Zanzibara
2017-04-11 11:53:34
Эң туура кылышат!!! Эшеке окшоп кечке иштейсин алган айлыгын жарыбаган бир акча. Жалпы республика боюнча иш ташташ керек. Депутаттар кылган иши жок олчойгон акча алышат. Садиктин тарбиячысы же башталгыч мугалим кечке ызы чуу нерви кайнап иштеп бир айда алганы ашып барса алты миң сом. А депутаты иши жок эле гилтейген акча алат. Теңдик болуш керек да акыры бир. Бир чыпалагы жок деле 3 миң сом пенсия алат, бир буту тизесинен кесилген деле 3 миң сом пенсия качан бир элге реалдуу акча төлөй баштайт?
+4
gulmira96
2017-04-11 12:22:39
Zanzibara,андан да жегендери канча депутаттардын жашоо эле ошолордуку. Карапайым эл ар кайсы жерде тентип озунун жанын озу багып журот.
+2
evra_kg
2017-04-11 12:49:50
Миллиард миллиард долларды алыпп жатат окмот элдин акчасын алтат биз 121 хххду багып жатабыз качагыга чейин багабыз буларды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан