Рыскелди Момбеков: "Ветеринарлар малдын ылаңын дарыласа, депутаттар мыйзамдын ылаңын дарылайт"

12-апрелдеги парламенттеги жыйында КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков "Ветеринария жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоору ветеринария тармагын өлтүрө турганын билдирди.

"Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция бул мыйзам долбоору ветеринария тармагын өнүктүрө турганын айтып жатат. Менин оюмча, мыйзам долбоору тескерисинче ветеринарияны өлтүрөт. Мунун артында лобби барбы же хобби барбы тарых өзү тастыктасын, келечек аныктасын.

Ветеринарлар малдын ылаңын дарыласа, депутаттар мыйзамдын ылаңын дарылайт. Биз ветеринарияны жеке менчикке өткөрүп бере турган болсок, эртең юристтерге лицензияны Юстиция министрлиги эмес, нотариус бериш керек болот. Бул мыйзам долбоорунун артында чоң мафияны көрүп турам. Менин сунушум бул мыйзам экинчи окууга кайтарылышы керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан