Казак президенти Нурсултан Назарбаев өкмөткө казак алфавитин латын тамгаларына өткөрүү боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу "Егемен Казахстан" гезитиндеги өлкө башчынын макаласында жазылган.
"2017-жылдын акырына чейин окумуштуулар жана коомчулуктун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жаңы латын тамгалары менен жаңы алфавиттин бирдиктүү стандарты иштелип чыгышы керек. 2018-жылдан тарта окутуучу адистерди даярдап, орто билим берүүчү мектептер үчүн китеп басылышы керек. Жакынкы 2 жыл аралыгында бардык уюштуруучу жана методикалык иштерди жүргүзүү зарыл", - деп белгилеген Нурсултан Назарбаев.
Анын айтымында, Казакстан 2025-жылы кириллица тамгаларынан баш тартуусу керек.
"Бул мөөнөт жакындап келе жатат, биз убакыт коротпой, ишке киришүүбүз керек", - деген. Президенттин ою боюнча, жаңы алфавит коомчулуктун жаңылануусуна, тышкы дүйнө менен байланышты жакшыртууга, балдарга англис тилин бат үйрөтүүгө түрткү болот.
Нурсултан Назарбаев латын тамгаларына өтүүнү 2012-жылы демилгелеп, мамлекеттик тилдин өнүгүшү боюнча чаралар көрүлөрүн айткан.
Белгилей кетсек, мурдагы СССР өлкөлөрүнөн Азербайжан, Молдавия, Түркмөнстан жана Өзбекстан да латын тамгаларына өтүшсө, кириллица тамгаларын Кыргыз жана Тажикистан колдонуп келет.