Бүгүн, 12-апрелде парламентте жеке ветеринарларга мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.
Бул мыйзам долбооруна добуш берүүдө 118 депутат катталып, алардын 88и колдосо, 30у каршы болушту.
Жеке ветеринарларга ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп бериле турганы каралган. Бекитилген аймактарда ветеринардык көзөмөлдү эпизоотияга каршы иш-чаралары жүргүзүлөт. Мамлекеттик ыйгарым укуктар 1 жылдык мөөнөткө өткөрүлүп берилет. Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган келишимди ошол эле мөөнөткө узартат. Демилгечилер "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров, "Бир бол" фракциясынын депутаты Алмас Акматов, КСДП фракциясынын депутаты Нодирбек Каримов.
Эске салсак, мыйзам долбоор талкууланып жатканда айрым депутаттар каршы болушкан.