Дайынсыз делген Марлен медреседе окуган да, жашаган да эмес. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда кечээ Марлен жазып калтырып кеткен каттын негизинде муфтияттын окуу бөлүмү тактоо иштерин жүргүзгөн.
"Токмоктогу медреседе андай баланын жашап, окубаганы аныкталды. Мындан улам бул жерде медресени аралаштырбай эле койсок болот. Катында 4 баланын атын жазыптыр, ал бала өзү медресеге келбесе кайсы балдардын атын айтып жатат түшүнүксүз", - деп билдиришти муфтияттан.
Айта кетсек, 13-апрель күнү SUPER.KG порталына Гүлзат Асанбекова кайрылып, 15 жаштагы баласы Марлен Айбар уулунун 4-апрелден бери дайынсыз экенин билдирген болчу. Асанбекованын айтымында, баласы Токмок шаарынын 3-кичи районундагы медреседе жашап, окуп жүрчү. 4-апрель күнү ошол жерден чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Дайынсыз делген баланын досуна калтырып кеткен катында, медреседеги балдардан запкы жегени жазылган.
Буга чейин Чүй ОИИББи 15 жаштагы Марлен Айбар уулу изделип жатканын билдирген болчу.
Эгерде аны көрүп-билгендер болсо, 0312 60-72-26, 0703 73-75-73, 0700 75-28-75 телефон номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар.