Бүгүн, 19-апрелде парламентте "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов парламенттин жыйынына келбеген депутаттарга чара көрүү популисттик мыйзам долбоору экенин билдирди. Анын айтымында, бул мыйзам долбоорунун авторлору өздөрү жыйынга келбейт.
"Бул мыйзам долбоорду колдобош керек. Бул жерде фракция лидери депутаттын оюна койбой бул мыйзамды колдоп беришиң керек дегенге чейин алып барат", - деди ал.
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков дагы бул мыйзам долбооруна каршы экенин билдирди.
"Жогорку Кеңештин жыйынына бир айдын ичинде 3 жолу келбей койсо, 50 пайыз айлык акысы кесилет деп жазылыптыр. Депутаттар эл менен жолугушат, тегерек столдорго катышканы барышат. Ал эми командировкага баратканда фракция лидери, комитет төрагаларынан суранып барып, келгенден кийин отчёт берет деген туура эмес", - деди ал.
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов мыйзам долбоорунун авторлору Жогорку Кеңеште тартип болушу үчүн сунуштап жатышкандарын айтты. Ошол эле учурда ал колдой турганын билдирип, айлап жумушка келбегендерге чара көрүлүшү керек экенин кошумчалады.
"Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Демилгечилер "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаттары.
Мыйзам долбоорунда айлык маянасынын 50 пайызын кесүүдөн сырткары делегациялардын курамына киргизбөө, чет өлкөгө болгон иш-сапарларынын чыгымдарын төлөбөө, Президенттин жана Өкмөттүн иштер башкармалыгынын алдындагы дарылоо жана ден соолукту чыңдоо борборлоруна барууда чектөө киргизүү каралган.