Самара Каримованын жолдошу Асан Мансуров Маданият министрлигинин түштүк аймагы боюнча маданий борборунун башчысы болду

Ош улуттук драма театрынын директору Асан Мансуров кызмат ордун бошотту. Ал Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймак боюнча жаңы түзүлгөн маданий борборунун башчысы болуп дайындалды.

Бүгүн, 19-апрелде министрликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, Мансуров Ош улуттук драма театрынын директорлук кызматынан өз ыктыяры менен кеткен.

Кызматтан кетүү боюнча арызын 14-апрелде жазган. Кечээ, 18-апрелде министр Түгөлбай Казаковдун буйругу менен жаңы борбордун жетекчилигине дайындалды.

Аталган борбор Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары менен иштешет.

"Асан Мансуровго 2 ай ичинде борбордун кызматкерлерин, аткарыла турган иштерди, борбордун эффективдүү иш көрсөтө турган системасын иштөө тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Асан Мансуров ырчы Самара Каримованын жолдошу, экөө 3 баланы тарбиялоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Yktyjar
2017-04-19 15:30:04
14 Апрелде жумуштан бошобой эле кече бошотуп кайра башка жумушка которуп койгондой болуп калыптыр бизде кызматты соодалашып анан берет.
+7
Кайрат
2017-04-19 15:40:07
Учурунда ошто чоң кызматта иштеп турган бир чоңдордон угуп калдым эле "Асан шоопурдун бир тууган карын бөлөсү" деп. Ошол чын болсо шоопур аман болуп бийлеп турса бир жылга жетпей Түгөлбай мырзаны шыпырып түшүп ордуна министр болушу да кеп эмес. Ошондо қөрөсүңөр да Самашты оштогу драмтеатр не болуп калыптыр. Спорт сарайыңбы филармонияңбы каалаган убакта каалаганча концерт берет.
+12
Santanna
2017-04-19 15:50:00
Кайрат,Акчасы жетсе концерт койгонго даяр болсо койоберетта концертти Эми ушу концерт койгонуна чейин киришип коралбастык кылгыла азыркы заман эптегендики силерда эптегиле колдон келсе,Азамат ийгилик Асан Самара иттер уроберет,кулак салбагыла элге, арким оз жашоосу учун курошот
-9
Кайрат
2017-04-19 19:02:13
Santanna, Ортодон чыккан ХХХ болуп сага эмне дейм да. Сен жөнүндө кеп болбогондон кийин. Ошто катар катар ХХХ иштетип (кара-алма ынтымак) арам акча тапкан адам маданиятты өнүктүрөт дегени күлкү келээррлик нерсе да. ХХХ
+15
Pandora
2017-04-20 01:20:52
Кайрат,"шоопур"-дегенге тушунбодумдв
0
Кайрат
2017-04-20 01:49:40
Pandora, Мен адашып оозумдан чыгып кетиптир "шоопур"деп. Ал мурун шоопур экен эле азыр биздин "улуу урматтуу журт атасы" "Эл көсөмү" Атамбаев Алмаз Шаршеновичтин кеңешчиси Икрамжон Илмиянов. Мен билбей эле "шоопур" деп алыпмын.
+1
Zamir0811
2017-04-19 15:52:43
Бечара кыздар куну туну иштеп атышкандыр,Асан акани министр кылабыз деп ХХХ
+22
raykray
2017-04-19 15:56:24
Куттуктайбыз, ийгилик ишинизге!!!
0
Tyty1990
2017-04-19 16:08:22
Кара алманы эмне кылат болду экен.
+8
nurbekasr
2017-04-19 16:32:22
Tyty1990,Кара алма иштей берет да,аны да чонойтсо керек үч областка ылайыкташтырып
+14
Odik11
2017-04-20 01:01:21
nurbekasr,жардын го Устаз Асан окубасын
-1
Ali-91
2017-04-19 17:00:45
Асан Мансуровдун маданиятка кандай тиешеси бар???Ырчынын эри болгонун айтпаганда,башка эч кандай тиешеси жок го???
Анын ордуна маданиятка тиешеси,салымы бар,белгилүү инсандарды койсо туура болмок.
Акчанын,тууганчылыктын заманы деп ушуну айт!!!

+13
Amirov-kutman
2017-04-19 19:04:38
Кунубуз ХХХ шоопур жан сакчы козу азиздерге калды илимдуу билимдуу азаматарыбыз турмодо тентип кетти
+13
Ibragim.osh2016
2017-04-19 19:23:08
сагынганда Асанды болот экен да бул жагы
+7
Djal1987
2017-04-19 20:40:28
Бул кишини маданият тармагында эмне ачылыш кылат экен. Кичине современныйраак жашыраак иштин козун билген, иш десе ишке аш десе ашка тойбогон жаштарды коюшпойбы
+7
KIRA.
2017-04-19 20:58:30
кечээ самаранын концерти болду,двор спортто,ХХХ Саламат садыковакуй баласы экоо ырдады. айда мактады куйоосу экоону,башка ырчысы деле жок,синдим,иним деп эле ырдатып жатты,билетти 1300 чыкты
+6
ayjan_90
2017-04-19 22:35:20
Азыр акчалуунун заманы эч тан калбадым ХХХ бар тигуу цехи бар салону бар кыргызстан театрын да алышты катыны кундоп тундоп концерт коюп жатат акча ушуларда да акчаны жирно жедирди Аша га и майлуу сутуу орунга отурду да
+1
solntse95
2017-04-19 23:27:06
Эми 40 кун тынбай концерт берет экен да ХХХ. Акчан болсо калтанда, талтанда да талтанда...
+2
Pandora
2017-04-20 01:24:13
Суротто атасы менен кызы кучакташуандай эле корунуш
+2
surgeon777
2017-04-20 02:17:10
Ата-бала...жакшы сурот экен))
Мен тушунбойм,неге маданият тармагына Маданияттын "М"сын тушунбогондор келе берет,мыкты чыгармачыл инсандар толтура эмеспи,жергиликтуу элден шайланса болбойт беле?Башкасы башка Т.Казаков агайдан куткон эмесмин ушундай назначениени,ар ким талантына,шыгына,жондомуно жараша иш менен алектенсе,капчыгынын калындыгы менен шайланбай...кыргызчылык..эх...
+2
nelli
2017-04-20 14:19:16
Байкуш студенттер Ошто эле эмес, Кызылкыяда да кыйналат экен да эми... Самаш 3 областта 40 кундоп концер койсо, билеттердин мугалимдер зордоп, коркутуп атып студенттерге алдырса,,,,..
120 кой сатирасын жазганбар ушул экооно деле бир сатира жазып койсо...балким бир аз акылына келишеер беле ким билет????....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан