ЖЫЛНААМА, 29-АПРЕЛЬ: Атактуу америкалык актриса Ума Турман 47 жашка толду

Мындан 47 жыл мурун, 1970-жылы 29-апрелде атактуу америкалык актриса Ума Турман Бостондо төрөлгөн. Атасы Роберт Турман Колумбия университетинде сабак берген, апасы Нена белгилүү швед модели болгон. Ал атактуулукка Квентин Тарантинонун "Криминальное чтиво", "Убить Билла" тасмаларындагы ролдору аркылуу жеткен. Кийин "Нимфоманка", "Жизнь как шоу", "Мужчина нарасхват", "Милый друг", "Случайный муж" жана башка фильмдеринде мыкты ролдорду жараткан.

Жеке жашоосу

Ума Турман 1990-жылы актёр Гэри Олдменге турмушка чыгып, эки жылдан кийин жубайлар ажырашып кетишкен. 1998-жылы актёр Итан Хоукко турмушка чыгат. Бир уул, бир кыздуу болгондон кийин түгөйлөр 2005-жылы ажырашып кетишет. 2007-2014-жылдары финансист Арпад Бюссон менен жарандык никеде жашап, бир кыздуу болгон. Бюссон Лондон шаарында, Ума Турман Нью-Йорк шаарында жашагандыктан экөө ажырашат.

29-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан