Боинг кырсыгынан каза болгондордун жакындарына 2 миллион сомдон, турак жайы зыянга учурагандарга 25 миң сомдон берилгени жатат. Бул тууралуу 29-апрелде SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева билдирди.
Эл өкүлү интернеттеги социалдык тармактарда Боинг кырсыгынан кийин ӨКМнын атайын эсебине жардам катары элден чогулган акчаны бөлүштүрүү жөнүндө туура эмес маалыматтар тарап жатканын айтат.
"Социалдык тармактарда кырсыктан жабыркагандарга 25 миң сомдон берилери жазылып, талкууга алынып жатат. Мен өзүм комиссиянын мүчөсү эмесмин. Комиссиянын мүчөлөрүнүн айтымында, акча каражатын бөлүштүрүүдө жабыркагандар 3 категорияга бөлүнгөн. Ага ылайык, турак жайы, короо сарайы, мал жандыктары зыянга учурагандарга 25 миң сомдон берилгени жатат. Бул сумма каза болгондордун жакындарына эмес. Элден 100 миллион сомдон ашуун каражат чогултулбады беле. Каза болгон 35 адамдын жакындарына 2 миллион сомдон бөлүнөт. Мында 70 миллион сом каражат биринчи категориядагыларга берилгени жатат. Акча туура эмес бөлүштүрүлүп жатат деп айтууга болбойт. Компенсацияны бөлүштүрүүгө катышып жаткан Сокулук районунун акими баары ачык-айкын болуп жатканын айтты", - дейт Сурабалдиева.