9-Май - Жеңиш күнүнө карата Бишкекте өтчү иш-чаралардын тизмеси

Улуу жеңиштин 72 жылдыгына карата 9-Май күнү борбор калаада бир катар майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жеңиш күнүндө өтө турган иш-чаралар:

10:00. "Өлбөс полк" акциясы өтөт. Иш-чара Түштүк магистралдан башталып, катышуучулар Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөрүп "Жеңиш" аянтына чейин басып келишет.

10:00. Жеңиш күнүнө карата митинг-реквием өтүп, Өчпөс отко гүлчамбар коюлат.

10:45. 2000 адамга жоокерлердин тамагы берилет. Шопоков көчөсү тарапта концерттик программа өтөт.

10:00дөн 16:00гө чейин 50гө чукул автосүйүүчүлөрдүн катышуусунда акция өтүп, айдоочулар Ч.Айтматов проспектиси, Жибек Жолу кең көчөсү, Курманжан датка көчөсү, Түштүк Магистраль, Абдрахманов көчөлөрү менен автожүрүшкө чыгышат. Соңунда карылар үйүндө концерт коюлат.

21:00. Шаар тургундары үчүн "Ала-Тоо" аянтында майрамдык фейерверк уюштурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан