Ошто кулаган аттракцион 2016-жылдан тарта "Балдар келечеги" жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү экени аныкталды

Ош шаарынын "Жеңиш" сейил багында аттракцион кулап, 4 адам жабыркаган. Аталган сейил бак жоопкерчилиги чектелген коомго ижарага берилген. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Ош шаардык мэриянын Шаардык курулуш жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов билдирди.

"Жеңиш" сейил багы 2016-жылдын 6-февралында "Балдар келечеги" жоопкерчилиги чектелген коомуна 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Сейил бактагы болгон кырсык боюнча аталган коом жоопкерчилик алат. Анткени биздин ишкана менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөндөй, архитектуралык курулуш, экология, санитардык эреже, өрткө каршы күрөшүү, аттракциондордун абалын көзөмөлдөө аларга милдеттендирилген. Кырсыктын келип чыгышын тиешелүү адистер карап чыгышат. Түзүлгөн келишимдеги эрежелер бузулса, анда биз бул ишкана менен келишимди жокко чыгарабыз", - деп билдирди Исраилов.

Маалыматка ылайык, "Жеңиш" сейил багынын аянты 38 миң 733 чарчы метрди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nevestkaa
2017-05-15 10:04:33
Ошентип аларга түртүп койдуңар.Эскилиги жеткен үчүн кулады да,силерге не акчасын төлөп турса эле болду өлөбү калабы ишиңер жок.
0
Emilzima
2017-05-15 10:31:50
"-Келишимди жокко чыгарабыз"-дейсин да.Мыйзам алдында жооп берет деген жокбу сенде.Жаракат алган балдар учун ким жооп берет.Эптеп эле акча тапмайбы.Кудай сактасын, сенин балдарын ошондой болгондо "каматам" -деп чыркырап чыкмаксын.
0
oscar89
2017-05-15 10:57:11
КР да озу козомол жок да, ар бир мамлекеттик кызматкер оз милдетин так аткарса мындай болмок эмес. Кичине акчаны алып алат да козду жумат. Ушундай жоопкерчиликсиздиктин айынан канча адамдар жабыркап жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан