Алмамбет Шыкмаматов: “Бул бийликтин менин оозумду жабуу айласы”

'Чындыкты бетке айтсаң, сенден заматта коррупционер 'жасап' коюшат'.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовго “коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Коомчулуктун бир бөлүгү бул кылмыш иши оппозицияны ооздукташ үчүн саясий өңүттө козголду деп бааласа, дагы бир бөлүгү “а балким?” деп суроолуу тиктеп турган чагы. Биз Алмамбет Насырканович менен бул иш тууралуу баарлаштык.

- Алмамбет Насырканович, сиздин үстүңүздөн кылмыш иши козголуп, 15-майдан тарта сот отурумдары башталмак болду. Иштин чоо-жайын кененирээк түшүндүрө кетсеңиз?

- Ушул жылдын 17-февралында мага карата “коррупция” беренеси менен иш козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин эң оор беренелеринин бири. 10-15 жылга чейин эркинен ажыратылып, үй-мүлкү мамлекеттин эсебине өтөт.

Эми иштин чоо-жайын айтып өтөйүн. 2011-жылы мен “Ата Мекен” парламенттеги оппозициялык фракция болуп турган чакта, оппозициянын квотасы менен Эсептөө палатасына 8 ай аудитор болуп иштегем. 9 аудитордун бири болчумун. Ошол убакта Эсептөө палатасына кызматтык унааларды сатып алуу боюнча тендер өткөн. Мен ал тендердик комиссиянын мүчөсү болгом. Тендерге “Би-Стар” жана “Барат Люкс” фирмалары катышкан. Комиссия “Барат Люкс” фирмасын жеңүүчү деп табат. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, арзан бааны сунуштаган фирма тендерден утуп чыгышы керек. Бул жерде мыйзам бузуу жок. “Барат Люкс” арзан бааны сунуштаган үчүн тендерден утуп чыккан. Тендердик комиссиянын 6 мүчөсү, менден башкасы “Барат Люкс” утсун деп кол коюп беришкен. Мен ал тендердин мүчөсү болгом, бирок тендердик жыйынга катышкан эмесмин. Менин колум жок ал жерде. Бул мен ойлоп тапкан нерсе эмес, бул документ. Анда көрүнүп тургандай мен ал компаниянын утушун колдогон эмесмин, анын жеңип чыгышына таасир эткен эмесмин.

'Мен ал тендердин мүчөсү болгом, бирок тендердик жыйынга катышкан эмесмин. Менин колум жок ал жерде'.

- Анда сиздин айыбыңыз эмнеде?

- Менин эч айыбым жок. Бирок “алар” бир нерсени токуш керек да. Жеңип чыккан “Барат Люкс” 5 унааны алып келген. Унаалар 14 000 доллардын тегерегинде бааланган. Мына ошол “Барат Люкс” алып келген унаалардын бири, менин жубайымдын мурда айдаган унаасы болуп чыгат. Тергөө Алмамбет Шыкмаматов жубайынын он миң доллар эле турган унаасын 13500 долларга баалап, мамлекетке 3500 доллар же 158 миң сом зыян келтирген дейт.

- Унааңызды кызматыңыздан пайдаланып кымбат саткан белеңиз?

- Биринчиден, менин жубайым унааны мамлекетке саткан эмес. Элдин башын айлантпаш керек. Базарда турганда, бир фирма сатып алып кеткен. (Көрсө, ал жанагы “Барат Люкс” экен.) Фирмага саткан түшүнүп жатасыңбы? Ал унааны сатып алган тарап каалагандай пайдаланат да. Сатып алган соң унаа алардыкы. Экинчиден, тендердик комиссиянын менден башка мүчөлөрү “Барат Люкс” жеңсин деп кол коюп беришкен. Себеби ал атаандаш болгон компаниядан миллион сом арзан сунуштаган. Мыйзам боюнча арзан сунуштаган компания жеңет. Мен кайсы жерден кызматымдан пайдаландым?

- А сиз жубайыңыздын унаасын атайын ошол фирмага саттыңыз беле?

- Биринчиден, бул бизнестин табияты. Мисалы, тендерге катышкан компаниялар элден картошка сатып алат да, анан тендерге катышып, бир аз пайдасын кошуп сатат. Ошол сыяктуу эле жубайымдын унаасы базарда турганда, аны аталган фирма сатып алган. Менин деле бир нерсе сатканга, сатып алганга укугум бар да туурабы? Ал унаанын абалы мыкты болчу. “Барат Люкс” жубайымдын унаасын тандап алса менин күнөөм кайсы? Дегеле мен ал унааны “Барат Люкс” сатып алганын билген да эмесмин.

- Балким, ал фирманын кожоюну сиздин туугандарыңыз болгондур?

- Эгер чындап эле “Барат Люкстун” кожоюну менин тууганым, досум же таанышым болсо мен силерге интервью берип отурбайт болчумун. Мен элди жинди ойлогон кишилерден эмесмин. Эл билет, баарын түшүнүп турат. Эми сенин сурооң боюнча, тергөө учурунда “Барат Люкстун” директору түрк улутундагы адам экени анык болду. Мен аны тааныбайм. Тааныш-билиштигим да жок. Ал кишиден “тендерге кандайча катышып калгансың?” деп сурашканда, Эсептөө палатасынан Болот деген адам чакырганын айтты. Ал эми Болот УКМКнын полковниги болуп чыкты.

- Бирок тергөө сиздин жубайыңыздын унаасы 10 миң доллар эле турган деп жатпайбы?

- 2011-жылдагы “Автогид” гезитиндеги маалыматтарга ылайык, менин жубайымдыкындай унаалар 13 000-14 500 долларга бааланып турган. Муну ошол гезиттин башкы редактору “андай унаалар 2011-жылы, 14 500 долларга бааланып турган” деп тастыктап жатат.

'Ал унаа 14500 долларга бааланып турганын тастыктаган документ'.

Мындан тышкары менин жубайымдыкындай 5 машина сатып алган ал фирма. Алардын баарынын баасы 13 000-14 500 долларга чейин бааланган. Бешөөнүн тең баасы бирдей. Шыкмаматовдун жубайынын унаасынын баасы 10 миң доллар болсо ошондой үлгүдөгү калган төртөө деле 10 миңге бааланмак да?!

Эми “он миң доллар эле турган деп айтып жатышпайбы” дегениң боюнча. УКМК экспертиза дайындоо алдында, атайын токтом чыгарат. Эксперт ал токтом менен таанышып чыгат, чындыкка дал келбеген экспертиза жүргүзсө кылмыш жоопкерчилигине тартылары эскертилет. Бирок УКМК анткен жок. Токтомсуз эле унааны баалап бергиле деп атайын фирмага кат жазышкан. Ал фирмадан УКМКга жооп келген. “Андай унаа он миң долларга бааланчу” деп. Бирок эксперттин колу жок, фирманын директорунун да колу жок. Башка бирөө эле “чёрточка” кылып кол коюп коюптур. Анан булар “Автогидди” анализдеп анан чыгардык” деп жатышат. Бирок “Автогиддин” башкы редактору бул унаанын баасы ошол мезгилде 14500 доллар болгонун айтып жатат деп көрсөтпөдүмбү.

'УКМКга келген жоопто эксперттин, фирманын директорунун колу жок. Башка бирөө эле “чёрточка” кылып кол коюп коюптур'.

- Демек...

- Демек, бул бийликти сындап жаткан Шыкмаматовдун оозун жабуунун айласы. Логикага салганда деле бул жерде эч кандай кылмыштын түзүмү жок экени көрүнүп турбайбы. Кайсы жеринде коррупция көрүнүп жатат? Электр тармагындагы, жол тармагындагы жана башка толтура тармактарда мамлекетке миллиондогон, миллиарддаган чыгым келтиргендер жүрөт ээн эркин басып. Аларды эмнеге кармашпайт? Анткени алар бийликти “байке, байке” деп турушат. “Силерди колдойбуз, азаматсыңар!” деп мамлекетти мите курттай соргондор коррупционерлер эмес экен! Эгер чындыкты бетке айтсаң, өздөрүнүн телеканалдары, гезиттери аркылуу заматта сенден коррупционерди “жасап” коюшат. Бирок эл бар да. Эл көрүп турбайбы кимдин-ким экенин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан