Улуу муун менен азыркы муундун кагылышын чагылдырган "Эл укпасын" тасмасы кинотеатрларда көрсөтүлө баштады

Улуу муун менен жаш муундун кагылышын чагылдырган "Эл укпасын" комедиялык тасмасы кинотеатрларда көрсөтүлө баштады. Аталган фильм 10-майда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында тар чөйрөдө көрсөтүлгөн. Ага тартуучу топ, актёрлордон сырткары шоу-бизнес өкүлдөрү, кино жаатында эмгектенгендер катышкан.

Тасманын режиссёру Сүйүн Откеевдин айтымында, "Эл укпасында" роль жараткандардын 95 пайызы профессионалдуу актёрлор. Бул фильм анда башкы ролду аткаргандардын тасма талаасындагы дебюту болуп саналат.

"Кинону тартуу иштери бир айга уланды. "Эл укпасын" - үй-бүлөлүк тасма. Анда элибизде калыптанып калган "бешик куда" түшүнүгү тууралуу сөз болот. Улуу муун менен азыркы муундун көз караштары, бири-бири менен таймашы чагылдырылат. Тартуу иштери Бишкекте, Жалал-Абад облусунда болду. Тасмада башкы ролду жараткан кыздын образы көпчүлүк тасмалардагы кыздардыкынан өзгөчө болду. Негизи кыргыз киносундагы кыздардын образы суйкайган, созулган болсо, бул фильмде тескерисинче", - деди режиссёр.

Фильмдин сценарийин Эркин Эгембердиев, Насирдин Кудайбердиев жана Сүйүн Откеевдер жазышкан. Тасмада Асылбек Өзүбеков, Нуртилек Жапаров, Таазим Уметалиева, Мурат Мамбетов, Гүлмира Турсунбаева, Таалайкан Абазова, Эркин Эгембердиевдер роль жаратышкан.

Кинодо Кореяда иштеп, билим алып жаткан 27 жаштагы Дастан аттуу жигит ата-энесинин чакыруусу менен алардын жанына бир айга учуп келет. Ал учурда андан 3 жашка кичүү, таэквондо менен машыккан Жамийла деген кыз маанилүү мелдештердин бирине даярданып жаткан болот. Экөө кичинекей кезинде ата-энелери бешик куда болушуп, балдарын бир-бирине баш коштурабыз деп сөз беришкен. Бирок жаштар чогуу түтүн булатып өмүр сүргүсү келбейт. Ансыз деле кыйын болуп турган абалды Жамийланы ала качууну пландап жүргөн Тыкы татаалдаштырат. Тасма андан ары кызыктуу окуялар менен коштолот.

Бул тасманы көрө элегиңизди эл укпасын
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан