13 жыл мурда боор циррозуна кабылган эне: "Дарыгерлер адам болбойсуң дегенден бери 10 жыл жашадым"

Эки баланын апасы Назгүл Какишова 2004-жылы боор циррозуна кабылып, 13 жылдан бери оору менен күрөшүп келет. Аны дарыгерлер 2007-жылы "аз өмүрүң калды" деп бейтапканадан чыгарып жибергендигин SUPER.KG порталына айтып берди.

"Мен алгач бала кезимде сарык оорусуна кабылган экенмин. Чоңойгондон кийин билбестиктен жегенге мүмкүн болбогон тамактарды жеп жүрүп, оорум күчөп кетиптир. Мындан улам 2004-жылы бейтапканага барсам дарыгерлер "боордун циррозу" деген диагноз коюшту. Дарыланып жүрүп, дарыгерлер 2007-жылы "дарылоого мүмкүн эмес, адам болбойт" деп бейтапканадан чыгарып жиберишкен. Бирок 10 жылдан бери атайын фирмалардын дарыларын ичип жашап жүрөм", - деп билдирди Какишова.

Каарманыбыз Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну. Ал азыр 42 жашта. Бир уул, бир кыздын апасы. Ай сайын дарыларына 50 миң сомго чейин каражат жумшайт.

"Тааныш дарыгерлер бооруңду алмаштыр деген кеңеш беришүүдө. Ал үчүн Индияда операция жасатууга 40 миң АКШ доллары жумшалат. Биздин үй-бүлөдө мындай каражат жок болууда. Кайрымдуу адамдар жардам берсе, баш тартпайт элем. Анткени ден соолугумду калыбына келтире албай кыйналып жүрөм", - деп кошумчалады Какишова.

Маектешибиз оору менен күрөшүү жолдорун айтып берди:

"Дарыгерлер мени өлөт деп, жакындарым кара аш өткөрүү үчүн боз үй тигүүгө чейин барышкан. Кийин баары кечирим сурашты. Азыркы жашоомо өкүнбөйм. Кудайга шүгүр кылам. Уул-кызым, жолдошум бар. Мен ошолор үчүн жашайм. Боор циррозу менен ооруган адам көп жашоону кааласа, эч качан ичинен суу алдырбоосу керек. Сөзсүз турмушка оптимисттик көз карашта карап жашоо зарыл".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sagyndym90
2017-05-18 10:11:00
Омурунуз узун болсун.
+4
Parish
2017-05-18 10:43:39
Кудайым ар пендесинин оруган оруусуна шыпа берсин.Чаткалдан бир адам Индияга барып боорунун жарымын алмаштырды ,озунун кызы боорунун жарымын бериптир
азыр экоо тен жакшы дейт.
+4
Bakyi
2017-05-18 13:50:24
Super.kg uwul aial mn kantip bailanywsak bolot jardam4y bolsonuzdar ...Menin apam dele uwul oooru mn alywyp jurgon u4uru...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан