Жогорку Сот Канжар Кадыралиевдин кылмыш ишин Ошто кароо арызын карайт

Жогорку Сот Канжар Кадыралиевдин кылмыш ишин Ошто кароо арызын карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучулардын бири Мирлан Жолдошовдун жактоочусу Азизбек Турдалиев билдирди.

"Мурда Канжар Кадыралиевдин жактоочулары "Иш соттуулугу боюнча Ошто каралыш керек" деп өтүнүч келтиришкен. Бирок аны Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соту канааттандырган эмес. Ошону менен иш каралып башталган. Бирок Оштогу көп күбөлөр келбей калгандыктан өзүбүз ошол өтүнүчтү колдоп, "соттуулугу боюнча Ошко жибергиле" деп арыз жаздык. Кылмыш иш көзөмөл арыздын негизинде Жогорку Соттун кароосуна жөнөтүлдү. Эгерде Жогорку Сот арызды канааттандырса, иш Ошто каралат. Ал эми Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырып койсо, анда иш Октябрь райондук сотунда карала берет", - дейт Турдалиев.

Эске салсак, Башкы прокуратура 2014-жылы Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган.

2015-жылдын 26-мартында Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы жарыяланган. Соттун алгачкы инстанциялары Кадыралиевди үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган. Жогорку Сот 2016-жылдын 27-январында айыпталуучу Канжар Кадыралиевди үй камагында кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Кылмыш иш Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда каралып жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dina1983-19
2017-05-17 14:14:49
Муну эмне эле эркелетип жатасыңар урматтуу акылдуу соттор
0
Jyrgal_msk
2017-05-17 19:57:17
Соттордун жузу билинип калды.Ошто эч ким Кадыралиевди соттой албайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан