Бүгүн, 17-майда Ош шаарынын "Байсан" ресторанында өтчү Улуттук элдик курултайды өткөрүүгө милиция тоскоол болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына иш-чарага катышууга Ош облусунун айылдарынан келген жарандар билдиришти.
"Курултай саат 10:00дө башталмак. Ресторандын кире беришинде жарандык кийимчен милиция кызматкерлери иш-чарага келгендерден "каяктан келдиңиз?" деп сурап, таксиге салып кайра үйлөрүнө жиберишти. Бул иш-чарага Кара-Суудан, Өзгөндөн келгендер бар эле. Байкашымча, милициялар эч кимди кармап кеткен жок", - деди катышуучулардын бири.
Анын айтымында, курултайда элдик бийликти орнотуу, курултайды мыйзамдаштыруу, паспорттон "улуту" деген графаны алып салуу маселелери талкууланмак.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул окуя боюнча маалымат бере элек.