Тубаса майып эненин көйгөйү боюнча тиешелүү тараптарга сунуш берилген. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын президентинин коомдук кабылдамасынын жетектөөчү адиси билдирди.
"Эки баланын энеси, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Насиба Ажибекова деген аял бизге кайрылган. Бул боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук мамлекеттик администрациясына жана Социалдык өнүктүрүү министрлигине аялга жардам берүү сунушу берилген. Ошол эле учурда Ажибековага турак жайы жок аял-кишилер жашоочу жерге баш калкалоо үчүн жай сунушталган. Бирок ал ага макул болбой койгон. Ал эми анын жазган катына жакынкы убакта кат аркылуу жооп берилет", - деп билдирди коомдук кабылдамадан.
Эске салсак, Насиба Ажибекова буга чейин өлкө башчысынын коомдук кабылдамасына кат аркылуу кайрылып, 1 айдан бери жооп бербей жатышат деп билдирген.