Бишкек шаарындагы Шопоков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Нарын" рестораны сүрдүрүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков билдирди. Анын айтымында, сүрдүрүү боюнча Бишкек башкы архитектура башкармалыгынан билдиришкен, бирок качан ишке ашары белгисиз.
"Учурда имараттын үстүнө жаш балдар чыгышып, кулап кетүү коркунучу жаралгандыктан тегерете тосмо менен тосуу иштери жүрүп жатат. Анын ордуна кандай имарат салынат, азырынча белгисиз", - дейт Самарбек Болотбеков.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 4-апрелинде аталган имаратта өрт чыккан. "Имарат электр энергиясы менен камсыздалбайт. Бул жакта жалаң таштандылар бар экен. Бул жерге келип селсаяктар түнөшөт. Өрт кырсыгы тамеки тартуудагы этиятсыздыктан чыгышы мүмкүн", - деп билдиришкен өрт өчүрүүчүлөр.