Бишкектеги Манас жана Чүй проспектилеринин кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктөр оңдоо үчүн жабылып, жөө жүргүнчүлөр унаа жолдорун кесип өтүүдө. Курулуш иштерин баштаган шаардык мэрия жолдон өткөндөргө атайын шарт түзүп берген эмес. Айрымдар жол чырак жашыл күйгөндө абайлап өтсө, айрымдар унаа жок мезгилде өмүрүн тобокелге салып чуркап өтүүдө. Алардын катарында мектеп окуучулары да бар.
Ошол эле учурда айдоочулардын арасында жол аралап өтүп жаткан жүргүнчүлөргө өтүүгө мүмкүндүк бербей жаткандарын да көрүүгө болот.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаардык мэриянын тийиштүү адистери жер алдындагы өтмөктөрдүн курулушу 4 ай аралыгында курулуп бүтөрүн кабарлаган.