Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун мөөнөтүн узартуу сунушу Орусиянын Мамлекеттик думасынын 3-окуусунан өттү
Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун мөөнөтүн узартуу сунушу Орусиянын Мамлекеттик думасынын 3-окуусунда өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчисинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова бүгүн, 24-майда SUPER.KG порталына кабарлады.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Миграция кызматы 2017-жылдын 1-июнунан тарта Орусияда чет элдик жана эл аралык айдоочулук күбөлүктүн негизинде транспорттук каражатты башкаруу менен байланышкан ишмердүүлүктү жүргүзүүгө тыюу салынарын кабарлаган.
"Азырынча бизге расмий жооп келе элек. Чет элдик күбөлүктөрдү Орусияныкына алмаштыруунун мөөнөтүн 1 жылга узартуу боюнча долбоорду Мамлекеттик дума 3-окууда кабыл алды. Бирок расмий түрдө чечим келе элек. Чечимди күтүп жатабыз", - деди Байымбетова.