Дастан Бекешев: "Жол коопсуздук маселесин чечпесек эл парламентке, өкмөткө ишенбей калат"

"Жол коопсуздук маселесин чечпесек парламентке, өкмөткө эл ишенбей калат", - деп бүгүн, 25-майда парламентте КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Ал коомчулукта күн сайын жол коопсуздук маселеси көтөрүлүп жатканын белгилеп, бирок бул көйгөй чечилбей жатканын айтты.

"Бул маселени өкмөт билет, бирок коопсуз шаар долбоору ишке ашпаганын сот болуп жатат, каражат жок деп шылтоолоп келишет. Каржы министри кечээ 300 миллион сомду ипподромду курууга бөлүп жатканын айтты. Ооба, оюндар керек, туризмге пайдасы бар. Бирок учурда биринчи көйгөй жол коопсуздугу болуп турат. Коомчулук нааразы болууда. Кайда барсам ошол маселени көтөрүп жатат. Уят эле болуп жатабыз. Чыгашаны туура коротуу керек. Бул маселени тез арада чечишибиз зарыл", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Lion.
2017-05-25 10:25:38
Ансыз деле ишенбей калганбыз...)
+10
arena2014
2017-05-25 10:28:21
Ким ишенип отуруптур азыр силерге?
+8
kyrgyz.kg83
2017-05-25 10:31:27
Уят болуп жатабыз деп,силерде уялуу тартынуу сезимдери болсо уяласынарбы,ел силерге еч качан ишенген емес,елдин ишенимин актабасанар ким ишенет,шайлого жакын ойгондунар бул убакытка чейин уктап еле жатынарго,бириникин бирин чукулап же тубуно жетпединер чукулашып
+5
leilekstan_1987
2017-05-25 10:36:31
Силерге ит.да ишенбей калган азыр.
+9
barakcha
2017-05-25 11:30:40
Хе хе...ишенбей калганыбызга коп эле болгон,кокуй.
+5
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-25 11:59:35
Ишенгиле алтындарым
0
kenjebek_a
2017-05-25 13:09:13
Атасы песияга чыкканча утуру бузуп утуру Курган жолду,баласы иштеп бир жылда бутуруп атасына мактанат.Ошондо атасы ээ кок мээ мен бул жол менен сени окуттум,уйлодум,горкенешке чейин депутат кылдым эле,эми Сен кок мээ жок дегенде партиядан куулбай иште андай СДПК деген сборный командадан кетпей деген экен.Дагы бир депутат айтты койду да.Негизи СДПКга уят деген созду айтыш жарашпай калган.Анан кайдагы ишенич жонундо соз.Ьул жомок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан