Биз социалдык тармакта

Тасма тартуу учурунда ат сүйрөп кеткен кыз каза болду

Чүй облусунун Панфилов районунда тасма тартуучу топтун мүчөсү Хадижа Исмаилованы ат сүйрөп, жыйынтыгында ал каза болду. Бул кырсык тууралуу бүгүн, 25-майда анын жакындары билдиришип, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 24-майда орун алган.

"Тасманы тартуу иштери 10-майда башталыптыр. Кечээ, 24-майда тартуу иштери жүрүп жатканда ал кыз атты чаап кетиптир. Ат кайра өзү эле кайткан. Тартуучу топ аркасынан барып, кызды эс-учу жок абалда тапкан. Аны ооруканага алып кетишкен, ошол жерден каза болуптур", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Өздүк булактар тасмада атты чаптыруу менен кадрлар жок экенин, Хадижа Исмаилова тасмада роль жаратпаганын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Sezim.A
2017-05-25 16:14:06
Жайы жанната болсун.
+12
aszyma
2017-05-25 16:15:43
Ой тооба! Кинонун атаөышы кандай экен. Экранга чыга турган кинонун. Коопсуздукту сакташ керек. Үйрөтүлгөн атты алдырыш керек болчу. Кудай сактасын. Күтүлбөгөн кырсыктан.
+8
Leilek-razzakov
2017-05-25 16:16:57
Жаткан жери жайлуу болсун. Туугандарына, жакындарына сабыр берсин.
+6
Lakyas
2017-05-25 16:24:10
жайы жаннатта болсун
+2
AIZAD
2017-05-25 17:08:10
Ажал.....
0
rejepova
2017-05-25 17:13:20
бул кыз Доктор Айболот фильминде ойногон.
+2
Freemankg
2017-05-25 17:26:53
Акча аз кинолор тартылып , дублер жок тартылып жатса жыйынтык ушундай болот. Жаткан жери жайлуу болсун.
-2
aliya-leyla
2017-05-25 19:16:11
Тооба ажал каш кабактын ортосунда деп бекер айтпайт да. Аллах рахматына алсын жакындарына сабыр берсин
+2
pero123
2017-05-25 23:40:35
өзүнө ишенсе ат чапбайбы анан оштоңдобой
-10
Krai
2017-05-26 10:43:39
pero123,ойлонуп жазыш керек ажал келсе ар кандай жолу менен алып кетет
+1
shirin_kyz88
2017-05-26 14:23:03
pero123, бир аз ойлонуп жазсанар боло, адам каза болуп жатса жазганынды кара тобо десен ойлонуп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан