Бүгүн, 26-майда Бишкектеги Спорт Ордосунда казак ырчысы Кайрат Нуртастын концерти өтүүдө.
Ырчы сахнага чыкканда сезимдерин жашыра албай, кыргыз элин сагынганын айтып, хитке айланган чыгармаларын аткарууда. Ал эми зал толгон көрүүчүлөр аны кол чабуулар менен коштоп, көтөрүңкү маанай менен анын ырларын чогуу ырдап отурушат.
Концертте белгилүү кыргыз эстрада ырчылары дагы катышып, Кайрат Нуртас Нурлан Насип менен бирге анын "Туулган күн" аттуу ырын аткарышты. Күйөрмандары Кайрат Нуртаска оригиналдуу белектерин тапшырып, ырчыны кубандырышууда.
Кайрат Нуртас аны менен сүрөткө түшөйүн деген күйөрмандарынын баарына макул болуп, алардын жүзүн сүйүп, сахнага чакырып чогуу ырдоодо. Ырчы "Апа" аттуу чыгармасын аткарып жатып залдагы көрүүчүлөрдү аралап, апаларга гүлдөрдү тапшырды. Андан сырткары Кыргыз ырчысы Айдин Нурдинов менен "Аурмайды жүрөк" ырын чогуу аткарып, ага үстүндө кийип жүргөн костюмун белекке тапшырды.