Манчестердеги терактка шектелген дагы бир адам кармалды. Ал 19 жашта

Улуу Британиянын Манчестер шаарындагы "Манчестер-арена" стадионунда 22 адамдын өмүрүн алган терактты уюштурууга шектелген он бешинчи киши кармалды. Бул тууралуу Британ полициясына таянып чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, шаардын Гортон жана Рашем райондорунда жүргүзүлгөн тинтүү маалында 19 жаштагы адам аталган терактка шектелип колго түштү. "Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жалпысынан 15 адам кармалган. Алардын 13ү учурда камакта, экөөсү сурак бергенден кийин коё берилген", - деп жазышат басылмалар.

Айта кетсек, 23-майга караган түнкү жардыруу үчүн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алган. Кандуу окуя миңдеген адамдар чогулган концерттен кийин болгон. Теракттын уюштуруучусу теги Ливиялык, бирок Манчестерде туулган 22 жаштагы Салман Абеди экендиги аныкталган. Терактка шектелип Улуу Британияда кармалгандардын арасында анын Исмаил аттуу бир тууганы да бар. Ал ортодо Ливиянын күч түзүмдөрү Триполиде Салман Абединин атасы жана дагы бир бир тууганы камакка алынганын маалымдашкан.

Манчестердеги теракттан улам америкалык ырчы Ариана Гранде "Коркунучтуу аял" аттуу дүйнөлүк турнесин убактылуу токтотту. 22-майдагы жардыруу анын концертинен кийин уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан