Депутаттар Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго коррупция боюнча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура 29-майда УКМКнын материалдарынын негизинде Игорь Чудинов жана Акылбек Жапаровго карата кылмыш ишин козгоду.

Бул маалыматты SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Алманбет Абдраманов билдирди.

УКМКнын материалдарынын негизинде Башкы прокуратура 29-майда Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынын депутаттары Чудинов жана Жапаровго карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш ишин козгоду. Алар өкмөт мүчөлөрү болуп турган маалда 2009-2015-жылдары “Унаа сыноо станциясы” ачык акционердик коомуна 200 миллион сом бюджеттик ссуданы мыйзамсыз бөлүштүргөн жана максатсыз пайдаланган деп айыпталууда. Козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзөт”, - деди Абдраманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Muslim_KGstana.
2017-05-30 11:54:02
Чудинов жок болсунчу!Кереги жок анын бизге.
+7
nurbekasr
2017-05-30 12:04:17
Чудиновдү давноо эле камаш керек эле,канча жылдан бери кылмыш иш кылып тайраңдап жыргап жүрдү.Депутат болоордун алдында кылмыш иштерин айтып жатышкан эле,анан неге токтоп калды билбейсин.
+3
Mongol1155
2017-05-30 12:10:44
Иш козголот, результат жок
+4
Adil706070
2017-05-30 12:26:08
Кезек Бир болчуларга жетиптир да.андан кийин Республика Ата-Журт ,кийин Онугуу шайлоого аз калганда аягында КСДП таза болуп чыга келет.
Т.Сарпашевдин иши боюнча дайын жок.
+4
talant87
2017-05-30 12:46:53
admin kirgiz tilinde jazilbai jatam nege
+1
admin_superstan
2017-05-30 14:20:21
talant87, кыргызча шрифт коюу керек.
0
toktor89
2017-05-30 13:33:52
Баарын журт атабыз чечип калган. Так что сдпк таза болот ар дайыма
+1
Fidel
2017-05-30 18:17:41
Туура кылат иш козгоп Кыныр иш кыр жылда билинет! Бир бол фракциясы накта ХХХ! Эски, ХХХ! Жапаров менее Чудиновго соз жок, Министирликтер кабинетинде башкарып отурушканда канчалаган ХХХ буларды! Айтып отурсам иштери коп булардын! Жапаров ХХХ акырын ХХХ!
0
admin_superstan
2017-05-31 10:56:36
Fidel, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
amirrus
2017-05-30 21:12:36
куноосу болсо камалсын жегенин толосун акмактар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан