"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канат Исаевге козголгон кылмыш иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия "Бир Бол" фракциясынын эки депутаты Игорь Чудинов жана Акылбек Жапаровдун ишин иликтейт.
Бул тууралуу бүгүн, 31-майда парламенттин жыйынында белгилүү болду. Мындай сунушту "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов сунуштады. Сунушка 99 депутат "макул" деп добуш берди, ал эми "каршы" эч ким добуш берген жок.
Депутаттык комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров, Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, "Республика - Ата Журт" фракциясынан Талант Мамытов, Курманкул Зулушев, Бактыбек Райымкулов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Тынчтык Шайназаров, "Бир Бол" фракциясынан Улугбек Ормонов, "Ата Мекен" фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов.
Эске салсак, Башкы прокуратура 29-майда УКМКнын материалдарынын негизинде Игорь Чудинов жана Акылбек Жапаровго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.