Бишкекте катуу ылдамдыкта келе жаткан унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Окуя "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдындагы жөө жүргүнчү өтчү жайда болду. Айдоочу Чүй көчөсү менен чыгышты көздөй бара жатканы айтылды.
Кырсыктын күбөсү Казыбек Уметов SUPER.KG порталына окуя кандай болгонун айтып берди. "Мен жабыркаган жаран менен жөө жүргүнчү өтүүчү жолдон өтүп бара жаткам. Батыш тараптан келе жаткан Тойота Авенсис унаасы катуу ылдамдыкта келип жанымда кетип жаткан адамды сүзүп алды. Жаракат алган жаран адвокат болуп иштейт", - деди.
Жол кырсыгы болгон жерде кармалган айдоочу Максат Сейитов "Күн чагылышып көрбөй, эмне болгонун түшүнбөй калдым" дейт. "Тез жардам" кызматы жаракат алган адвокатты ооруканага алып кетти.