Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндө 143 даана даракты кыюу иштери жүрүүдө. Шаар тургундары дарактардын массалык кыйылып жатканына нааразычылык билдирип чыгышты.
SUPER.KG порталына Биринчи Май районунун акиминин орун басары Руслан Шарапов төмөнкүлөрдү билдирди.
"Ахунбаев көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин 143 даана дарак кыйылат. Негизи 270тей даана кыйылышы керек эле. Бул бактар бир топ жыл мурда плансыз ар кайсы жерге тигилип калган экен. Айрымдары арыктын ичине тигилип калган. Алардын тамырлары өскөн сайын жолду, тротуарларды талкалайт. Кыйылуучу дарактардын көпчүлүгү чирип, өзүн кармап турууга мүмкүн болбой калгандар. Кар оор жаап, шамал болсо кулап адам өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн", - деп билдирди Шарапов.
Маалыматка ылайык, буга чейин Токтоналиев көчөсү Түштүк магистралдан Кулатов көчөсүнө чейин 15 метр аралыкта кеңейтилмекчи. Аталган жолдун кеңдиги учурда 11 метрди түзөт. Жол куруудагы долбоордо 208 даана ийне жалбырактуу көчөт отургузуу каралган.
"Кыйылган бактардын орду кайрадан башка көчөттөрдү орнотуу менен толукталат. Айрым жашоочулар учурда 20-30дай болуп чогулуп нааразычылык билдирип жатышат. Биз аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Дарактарды кыйып, жолду кеңейтүү менен жашоочуларга эле ыңгайлуу шарт жаралып, жол тыгындары жоюлат. Көпчүлүк эл ушул нерсени түшүнбөй жатат", - деп кошумчалады акимдин орун басары.