"Москвада сууга чөгүп каза болгон жигитти мекенине жеткирүүгө элчилик жардам бербей жатат" деп окурман нааразычылыгын SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу бүгүн, 3-июнда билдирди.
"Москвада сууга чөгүп каза болгон Субанкулов Сүйүнттүн сөөгүн Кыргыз өлкөсүнө жибере албай жатабыз. Туугандары, достору да бул жакта. Кыргыздын Москвадагы элчилиги жардам бермек түгүл, басып келген жок. Азыр кичи мекенине жибергенге акча таппай жатабыз. Моргдон да бербей жатышат. Баланы кыйнабай эртерээк жерге берсек болот эле", - дейт окурман.
Белгилей кетсек, кечээ, 2-июнда бир жума мурун сууга чөгүп кеткен 26 жаштагы кыргыз жигитинин сөөгү табылганы белгилүү болгон.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.