Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабия, Египет өлкөлөрү Катар менен дипломатиялык байланыштарды токтоткондугун “Регнум” маалымат агенттиги жазып чыкты.
“Алар Катарды “Ислам мамлекети” жана “Аль-Каиданы” колдогон террордук топтор менен максаттары бир деп айыпташууда.“ Reuters'тин маалыматы боюнча төрт өлкө Катар үчүн чек араларын жаап, транспорт жана аба каттамдарын токтотту. Бириккен Араб Эмираттары Катардын жарандарын анын ичинде элчилик кызматкерлери менен бирге 14 күндүн ичинде Эмираттын аймагынан чыгып кетүүсүн айтты. Катар мамлекетине карата көтөрүлгөн демилгени Египет менен Бахрейн да колдоого алган”, - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 2014-жылы да Сауд Арабия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары Катардан элчилерин чакыртып алышкан эле. Анда да алар Катарды террордук топторго көмөк көрсөттү деп айыптап, бирок жогорудагы өлкөлөр жарандар үчүн чек араларын жапкан эмес болчу.