Бахтияр Салиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин башчысы болуп дайындалды

Бахтияр Салиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Буга чейин Салиев аталган агенттиктин директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Эске салсак, агенттикте директорлук кызматты аркалап келген Жумагүл Эгембердиева бүгүн кызматтан кете турганы парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйынында айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AksyKoitash1985
2017-06-06 23:28:26
Улуту озбеек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан