Өзбекстандык пенсионер велосипед менен ажылык сапарга аттанды

Наманган облусунун Чартак районунун 75 жаштагы жашоочусу Хусан Хожибаев велосипед менен Сауд Арабиясына жол тартты. Учурда ал Бухара облусуна жетти. Бул маалыматты Өзбекстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Хожибаев велосипед менен жолго 2-июнда чыккан. Ал Түркмөнстан чек арасына 7-июнь күнү кечинде же 8-июндун таңында жетерин айткан. Пенсионер Сауд Арабиясына баруу үчүн Түркмөнстан жана Ирандын жолдорун басып өтүшү керек. Бирок ал бул өлкөлөргө кирүү үчүн виза алган эмес. Анын айтымында анын колунда Өзбекстандан “чыгуу” визасы гана бар экен”, - деп айтылат маалыматта.

Былтыр сентябрда Хусан Хожибаев маркум президент Ислам Каримовдун мүрзөcүнө куран түшүрүү үчүн 500 чакырым жол жүрүп Самаркандга барган. Аксакалдын сапарын интернет колдонуучулары “кичи ажылык” менен салыштырып, ага жаңы велосипед белекке беришкен эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bolunbo.kyrgyz
2017-06-07 10:03:03
Жкрогу ойу таза болсо Алла колдоп эсен соо барып келсин.
+11
aerforce
2017-06-07 10:08:30
Азаматсыз Алла колдоп женидик болуп барып келси
+10
salimbek87.kg
2017-06-07 10:15:59
Эсен аман барып келсин амиин.Аллах разы болсун жолу ачык болсун.
+9
Kroxa
2017-06-07 11:42:12
Каражаты жетишпесе ажыга барууну самагандар коп айла жок отурп калгыча аман-эсен барып келсин бир кишиге 2мин доллар керек го билетине эле..
+2
ayjan_90
2017-06-07 13:09:07
Иранга туркменстанга кире турган визасы жок болсо кантип отмок чек арадан бирок жолу болуп жакшы эсен соо барып келсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан