Ноокат районунун Төөлөс айылындагы адырдан бир колу жок, жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматта айтылгандай, учурда бул иш боюнча соттук-медициналык, биологиялык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат. Экпертизанын жүрүшүндөгү алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, ымыркай 7 айлык кезинде, жансыз төрөлгөн.
"Баланын жансыз төрөлүшүнө энеси кош бойлуу экенин жашыруу максатында ичин катуу таңып жүргөнү себеп болушу мүмкүн экени айтылууда. Экспертиза ымыркайдын жынысы кыз экенин аныктап, төрөлөрү менен ташталганын аныктады. Анткени ымыркай тондун ичинде болгон. Бирок жырткычтар тонду жарып, оң колун жеп кетишкен", - дейт Ашырбаев.
Ал белгилегендей, 4-июнь күнү саат 18:45 чамасында аймактык тескөөчүгө адырда жансыз баланын денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Милициялар ымыркайды адырдагы чуңкурдан алып чыгышкан.
Учурда ымыркайды ким таштагандыгы иликтенүүдө.