Караколдо спорт мектептин машыктыруучусун 5 адам сабап, ал жандандыруу бөлүмүнө түштү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында спорт мектептин машыктыруучусун 5 адам сабап кетип, ал жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, окуя 7-июнь күнү түшкү саат 4төр чамасында болгон.

"40 жаштагы "Алга" спорт мектебинин машыктыруучусун өзү курактуу 5 таанышы келип сабап кеткен. Ал ур-тепкиден алган жаракатынан улам жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бул жаңжал спорт мектебине байланыштуубу же жокпу, учурда такталып жатат. Жабырлануучуну сабагандардын экөө кармалып камакка алынды", - деди Сталбек Усубакунов.

Мындан сырткары аталган мушташка мурда Каракол шаардык кеңешинде "Улуу Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон Максат Касенов да катышкандыгы айтылууда. Бирок депутаттын ал жаңжалга катыштыгы бар же жок экенин тастыктоодон Сталбек Усубакунов баш тартты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Abdusamat.kg
2017-06-08 16:25:14
Улуу Кыргызстан деп Чубак ажы кошулган партияны жамандагыңар барбы? Сыйпалап барып Чубак ажыга көө жабуу
-6
Izdeim_seni.
2017-06-08 21:11:11
Abdusamat.kg,тоо десе бээ депсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан